Переверни устройство
в вертикальное положение

О!Деньги —
баарына өз
балансыңдан төлө!*
Азыр жүктөө үчүн:
*баланс – пайдалануучунун электрондук капчыгынын эсеби.
Бардык төлөмдөр
сенин смартфонуңда
О!Деньги жаңы төлөм кызматы менен мобилдик телефондун балансын колдонуп, коммуналдык кызматтар, интернет, кабелдик ТВ үчүн төлөмдөрдү жүргүзгүлө же башка мобилдик операторлорунун баланстарын толтургула. Бул кызматтардын толук тизмеги эмес : биздин каталогдо 200түрдүү кызмат бар.
Төлөм терминалынан
да мыкты
Мобилдик тиркеме ар дайым кол алдыңарда жана күнү-түнү иштейт. Эми кезекке туруунун, же терминал үчүн акчаны майдалатуунун кажети жок.Тиркемеде кызматтар боюнча издөө бар, жөнөтүүчүнүн атын жазуу гана жетиштүү, биринчи символдорун жаза баштаганыңызда эле натыйжаларды аласыз. Керектүү төлөмдү калыптарда сактагыла, ошондо маалым даректерди жаттоонун жана дүмүрчөктөрдү жаныңарда алып жүрүүнүн муктаждык болбойт.
Банктык карталар
О!Деньги тутумунда банктык карталардын жардамы менен төлөм жүргүзгүлө. Тиркемеге Visa жана MasterCard карталарын кошкула, маалыматтарды киргизгиле, карта кошулган соң, баскычтарды бир-эки басуу менен төлөмдөрдү жүргүзгүлө. Банктык карталар аркылуу жүргүзүлгөн ар бир транзакция Visa жана MasterCard коопсуздук протоколдору менен корголгон.
Коопсуздук
жана көзөмөл
Биздин сервистин тиркемеден тартып, серверге чейинки коопсуздугуна биз абдан көңүл бурабыз. Смартфондогу тиркеме өзүңүзгө гана белгилүү болгон жеке сырбелги менен ишенимдүү корголгон, биз аны башкаларга билдирбөөңүздү суранабыз. Эгер сиздин телефонуңузда бармак издеринин сканери бар болсо, тиркемени бармак изи менен колдонууга ырастап алсаңыз болот. Бардык операциялар тиркемеде жеткиликтүү болгон “Тарых” бөлүмүнө жазылат.Буга кошумча, ар бир транзакция тууралуу биз номерге смс жөнөтүп турабыз.
Башка чексиз
мүмкүнчүлүктөр
Баарын санап чыгууга мүмкүн эмес, О!Деньги кызматы эбегейсиз көп сандаган пайдалуу мүмкүнчүлүктөрдү камтыйт!
1. Каалаган О! абонентинин эсебин тез толтуруу. Болгону контакт-тизмеден номерин тандайсыз.
2. Кызмат чет мамлекетте да иштей берет, болгону интернет туташуу гана керек.
3. Колдоо кызматы 24 саат онлайн иштейт жана ар дайым көмөк көрсөтөт.
4. Тиркемеде комиссиясыз баланс толтурууга мүмкүн болгон О! кеңселеринин жана терминалдарынын картасы бар.